Милицияга Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Себеби, ушул жылдын 23-сентябрь күнү кечинде көп кабаттуу үйдүн жанынан баасы 50 000 миң сомдук «GIANT» үлгүсүндөгү велосипедин уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүп берүүсүн суранган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Ленин РИИБнин кызматкерлери тарабынан аталган кылмыш ишинин бетин ачууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, натыйжасында 23 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалган. Тергөө учурунда кылган күнөөсүн мойнуна алып, жеңил акча табуу максатында кылмыш ишине барганын билдирген. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, башка кылмыш ишине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ