Вице-премьер-министр оорукана жабылды деген маалыматты четке какты.
“Эпидемия башталгандан бери оорукана күнү-түнү иштеп, өзгөчө кырдаалдарга ылайык, республиканын бардык аймактарынан келген жаш балдарды жана кош бойлуу аялдарды кабыл алып жатат. Күн сайын орто эсеп менен 120-150дөй балдарды жана 15-20дай кош бойлуу аялдарды кабыл алууда. Оорукананын кире беришинде санитардык көзөмөл уюштурулган. Ал жерде дене табы текшерилип, кайдан келгени жөнүндө анкета толтурулат. Ал эми шектүү бейтаптар өзүнчө даярдалган бөлмөлөрдө изоляцияланат. Алар менен иштеген медицина кызматкерлери дайыма коронавирустук текшерүүлөрдү жүргүзүп турушат. Мындан тышкары, кан оорулары менен ооругандар учурда Жал кичи районунда жайгашкан корпуска жаткырылат”,- деди Исмаилова.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ