Menu

Чынара Калыбекова,  КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, актриса, драматург, дастанчы: “Менин жүзүм ар бир мыкты жазылган, мыкты коюлган драмаларым”

Бөлүшүү:

Талант-бул ташты да жарып чыгат дешет. Ар тараптуу талант ээлери сейрек.Чынара Калыбекова мына ошол сейректердин бири. Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актрисасы Чынара эже менен болгон маекке назар салыңыздар.

 —Сизди ар тараптуу өнөр ээси катары таанышат, кайсы өнөрүңүз өзүӊүзгө  жакын?

—Албетте театр! Кесибим боюнча да театр жана кино. Анан бул чыгармачылыкта биринин артынан бири келише берет тура. Акындыгым бала кезден жаралса, сахнанын сырын билгенден кошо жаралдыбы, драматургияга кандай кирип кеткенимди өзүм да билбей калдым. Ортодо ыр, бий, обончу жана аткаруучулук. Аңгеме, новеллалар мени романга сүйрөп барды. Иши кылса сыйкырлуу кесиптин сырын кай жагынан мактаарымды өзүм да билбей турам. Баары келип өнөр дүйнөсүнүн баян – шөкөттөрү эмеспи…

—Мыкты спектакль драматургдун жүзү  экен. Кайсы режиссёрлор менен иштешип келесиз?

—Туура. Мыкты спектакль драматургдун жүзү. Спектакль болуп чыкканга дейре булар: мелодрама, монодрама, драма, трагидрама, психологиялык драма экен деп, не бир түстөр менен айтылып келет. Анан тегирменге түшкөн буудайдай, анан түркүн түстүү ундай болуп “Керемет спектакль” экен дешип, миң кубулуп чыга келишет. Мен жазсам, режиссёр жанчып, жасалгалайт, артисттер ийлеп, ийине жеткире аткарат, сахна көркүнө толот, музыка шаңга бөлөйт. Мына спектакль даяр болду.

Менин жүзүм ар бир мыкты жазылган, мыкты коюлган драмаларым! Ал эми менин драмаларымды сахнага коюп, элге жеткирген режиссёрлор! Мен алардын аттарын кандай гана сыймыктануу, мактануу менен айтаарымды билген жандар болсо дейм. Менин атак – даңкымды чыгаргандар ошолор эмеспи.

КРнын эл артисти, режиссёр Алмаз Сарлыкбеков,

СНГга белгилүү режиссёр Камат Касенов,

С. Вали – Заде атындагы Куляб театры -реж:иссёр Рахмонали Одинаев.

КРнын Эл артисти, режиссёр Токтобек Сатаров,

КРнын Эл артисти, режиссёр, Замир Сооронбаев,

КРнын Эмгек сиңирген артисти, режиссёр Эгемберди Чалабаев,

Режиссёр Шамбет Мендибаиров,

Режиссёр Эльдияр Жарашев,

Режиссёр Майрамбек Сагынбаев.

Ондон ашуун драмалар коюлду.

—Кагаз чиймелеп ыр дагы жазып жүрөсүз. Поэзиянын кайсы бөлүгүндө  өзүңүздү сынап көргүӊүз бар?

—Кайсы бөлүгү дегенге, мен антип бөлө албайм. Кандай келсе ошондой жаза берем. Бир эки куплет менен тынчып кала албаймын. Аны китептеримди окуп жүргөндөр айтышаар. Дастан айткансып кете берем. Бир учурда токтойм. Окуяны кууп жазам. Ар кандай образдар пайда болот. Анан поэзиялар да өзүнчө эле театр болуп  кетет. Анан да өзүм жазгым келгенде жакшы кетем. Кокус жазып берчи дешсе, бир топ кыйналам. Кээде шыр кетем.

—Чарчоонузду кантип алдайсыз?

—Мен өзүмдүн кандай учурда чарчаганымды деле билбейм. Анткени чарчаганга убакыт жок. Убакыт ушунча аз, жетишпей каламбы деген ойлор келе берет. А, алдыда таксат – ойлор, кыла турган иштер абдан көп.

—Максатка чек жок эмеспи. Алдыга койгон максаттар?

—Туура. Максатка чек жок. Алдыдагы максат ойлор андан көп. Көбүнчө материалдык жактан тартыш болот. Анткени жасай турган иштердин баары матералдык колдоого муктаж. Жазуу, драмаларды койдуруу керек, кино тарттыруу керек. Баарысы эле керек! Керек! Анан барып, акча, акчага такалат.
Актрисанын аткара элек кыялдагы ролу?

—Кыялдагы ролдор өтө эле көп болду. Жаш кезде режиссёр берген эле ролду ойной берет экенбиз. Анан тажрыйба алып калганда өзүң тандай баштайсың.

Сахнадагы эргүү кыялдар… аны ойносом, муну ойносом… Бирине жетсем, бирине жетпей калган учурлар да болду. Анткени артист өмүр бою “мындай образды жаратсам” деген кыял менен жашайт. Эгер бул дүйнөдө аткара албаса, ошол кыял менен арманда жүрүп “оо дүйнөгө” кете берет. Аны менен эч кимдин да иши болбойт. Ошондой.

—Тажрыйбадан өтөрү жок экен…

—Кошулам! Ооба, тажрыйбадан өтөр устат жок! Биз адамдар баарын эле кыйраттым, чегине жеттим эле дей беребиз. Кыйраттым, ойроттум дейбиз. Уккан, көргөн, билгениңдин баары тажрыйба. Ошол тажрыйба жашоологу чоң устат. Бирок ошол устатты кандай кармап калууну, анын кымбаттыгын сезип, билген инсандар барбы? Жок! Кимисинен сураба ушул “жокту” айтат. Анан баары өзүн мыктымын дейт. Таразанын ташы кай жагында оор болсо – Менмин! – дегендер көбөйдү. Тажрыйбанын устатына башыңды сайып кызмат кылууң керек.

—Дастан жанрын алгачкылардан болуп сиз жандандырган экенсиз. Негедир дастан жанры солгундап бараткандай…

—Ошондой. Бирок жашоодо баары эле бир катарда турбайт экен да. Бири алдыга жүткүнсө, аны коё берип, башкалары карап турат экен. Бир учурда. Дастан, анан обон, ырлар, анан сахна, кайра калем… Тим эле баш аламан, сахнадагы согушка айланат го… Мен чыгам! – деп, баары эле жулкуна берсе анда эч нерсе да чыкпай калышы мүмкүн. Мен ыраазымын. Ар биринин өз оорду, өз мезгилдери болуп келет. Көп жылдар бою сахнага өмүрүмдү берип, не бир образдар менен жашап келгениме карабай, “Дастанчы, ырчы, бийчи” аталып келдим. Драматургия жаатына 1987-88- жылдары баш бактым. Бул өзү укмуштуудай керемет дүйнө! Бара – бара толугу менен драматургияга аттандым. Негизги тандаганым артисттик кесип эле. А, башкаларын Жаратканым мен жарыкка келгенден берген тагдыр, белек деп кабыл алам. Алкыш айтуум керек. Жараткан Кудайыма ыраазымын!

Театрларга коюлган драмалары:

2001 – жыл. 8 – февраль. «Мен да бактылуу болгум келет». Реж: А.Сарлыкбеков. Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик Жаштар театры.

2004 – жыл.10 – ноябрь. «Мен да Розамын». Реж: Камат Касенов. ТНД театры. Спектакль (2004 – ж) КТРдин «Алтын фондусуна» жазылып алынган.

2005 – жыл. 25 – декабрь. «Үмүт». Реж: К.Касенов. Жаштар театры.

2006 – жыл. 5 – май. «Үмүт». Реж: Рахмонали Одинаев. С. Вали – Заде

атындагы Куляб театры. Которгон Жумма Куддус. Таджикстан.

2007 – жыл. «Ботокөз». Реж: А.Сарлыкбеков, Ж.Сыдыков. Ак – Талаа элдик театры.

2009 – жыл. 3 – июль. «Наристелердин чаңырыгы». Реж:Т.Сатаров. Баткен областык музыкалык драма театры.

2011 – жыл. “Актриса”. Казакстан.

2013 – жыл. 2 – май. «Өксүгү күчтүү өмүр». Реж: З.Сооронбаев. Баткен областык музыкалык драма театры.

2014 – жыл. 20 – май. “Үмүт”. Реж: Э.Чалабаев. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана көркөм искусство университетинин 2014 – жылкы сырттан бүтүрүүчүлөрдүн Дипломдук спектакли.

2015 – жыл. 26-28 – февраль. “Ботокөз”. Реж: Шамбет Мендибаиров. М.Рыскулов атындагы Академиялык Нарын Музыкалуу драма театры. Спектакль (2015 – жыл), КТРдин «Алтын фондусуна» жазылып алынды.

2017 – жыл. “Мектеп рекеттери, же 21 кылымдын “вампирлери…”. (реж: Э.Жарашев). Т.Сатылганов атындагы кыгыз мектеби. Бишкек ш.

2018 –жыл. Март. “АКТРИСА” (Көөдөндө чоң үшкүрүк), (Реж: М.Сагынбаев). Жумгал музыкалуу драма  театры.

Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

Булак: “Багыт” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: