Menu

«Антошканын» ээсине мурда эле эскертүү берилген экен, ага болбой эле иштей бериптир…

Бөлүшүү:

Кечээтен бери айтылып, жазылып жаткан, жарылып жок болгон “Антошканын” ээсине жазында эле эскертүү берилген экен. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында,  ушул жылдын 27-февралындагы текшерүүдө «Антошканын» ээсине эскертүү берилип, айып салынган. Берилген көрсөтмөлөрдү так аткарбаганы үчүн Тартип бузуу кодексинин 293-беренесинин («Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу») негизинде айыпка жыгылып, ал толугу менен өндүрүлгөн.

Эске сала кетсек, кечээ, 8-ноябрда чак түштө, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Антошка” тез татым түйүнү жарылып, бир кызматкер кыз каза болуп, 13 киши ар кандай жараат алган. Анда жабыркаган балдардын абалы менен Бишкектин Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы таанышып, жабырлануучулардын абалын билдирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү Саламаттык сактоо министрлигине жана жарылуунун, өрттөнүүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгууну тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырган.

Бүгүн, 9-ноябрда «Антошканын» арендатору камалганын Бишкек ШИИБси билдирген. Ошондой эле бүгүн каза болгон кыздын ким экендиги аныкталган. Муну менен катар ӨКМ өрттүн чыгышынын алгачкы себебин бүгүн жарыялады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: