Депутат Тариел Жоробеков (“Республика-Ата Журт”) “Кыргызпочтасы” мамишканасы өзүн актабай калганын айтып чыкты. Мындай пикирин ал 2-декабрда ЖКнын бүджет жана финансы боюнча комитет жыйында билдирди.
Бул тууралуу ал Социалдык фонддун башчысы Медер Ирсалиевден сурады. М.Ирсалиев болсо, башка ишкананын ишмердүүлүгүнө баа бере албастыгын билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдын январынан баштап Кемин районунда пенсияларды үйгө жеткирүү боюнча банктардын бири менен пилоттук долбоор киргизилерин маалымдады.
Депутат вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбековадан дагы почтанын тагдырын сурады.
А.Өмүрбекова өкмөттө бул маселе каралып, “Кыргызпочтасын” “Почта Банк” кылып өзгөртүү маселеси каралып жатканын айтты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ