Орусиянын Калининград шаарында стадион курулушунда иштеген тажик мигранттарына беш айдан кийин айлык маяналары төлөнүп берилди.
Тажикстандан келген 100дөн ашуун мигрант Калининградда 2018-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын объектилеринин бирин тургузууга катышышууда.
Тажикстандык мигрант Саид Хакимов өткөн аптада аларга акыркы беш айдын маянасы төлөнүп берилгенин билдири. Курулушта иштеген чет элдик жарандардын орточо айлыгы 30 миң рублди (500 доллардын тегереги) түзөт. Марттан июль айына чейин өзбекстандык жана тажикстандык жумушчулар акчаларын алышкан эмес. Мындан улам алар иш ташташкан.
Курулуш үчүн жооптуу «Крокус Интернэшнл» компаниясы мындан ары мигранттарга маянаны өз убагында төлөп турууну убадалады.
Хакимовдун айтымында, стадиондун курулушу үчүн мамлекеттик бюджеттен убагында акча бөлүнбөгөндүктөн, компания айлык берүүнү кечеңдетип келген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ