Menu

Мавлян Аскарбеков жыдыган саясатчылардын жаагын жап кылды

Бөлүшүү:

Апта башында «Ак кеме» мейманканасындагы жыйындар залында алдыдагы президентгик шайлоонун күнгөй-тескейлери, Атамбаевдин мураскерине жол бербөө максатында тегерек үстөл өтүп, ага бир катар саясатчылар (көпчүлүгү жыдып бүткөндөр) катышышты. Кызыгы, 2011-жылы Алмазбек Шаршеновичти президенттикке сүрөгөндөрдүн көпчүлүгү дал ошол жыйында Атамбаевди ур-тепкиге алышып, бийликти узурпациялап алганын, ага каршы тургандай түр көрсөтүшүүдө. Атамбаевдин бийликти узурпациялап алганына эбегейсиз салым кошкондорун бирөө да эстегиси жок. Булардан айырмаланып, «Каршылык көрсөтүү» кыймылын түзүп, Атамбаев жана анын КСДП фракциясы бийликти узурпациялап алганын алгачкылардан айтып, ушул кезге дейре принцибинен тайбаган Өмүрбек Суваналиев, Кубатбек Кожоналиев, Бегалы Наргозуев баштаган саясатчылар бул жыйынга катышпады. Кызмат десе эт-бетинен кетишкен саясатчылардан бийик болушту. Жыдыган Феликс Кулов жыйында модератор болсо, бири-бирин көөлөп, ит жебеген бокту чокушкан саясатчылар маңдай-тескей отурушуп, өмүр бою чогуу келе жатышкансып, Атамбаевди сындашса жандарына киши чыдап тура албайт. Кудум жарадар арстанды талоонго алышкан чөөлөрдүн образын жаратышты го чиркин! Мындай ыраатсыздыкка жаны ачыган «жаңымуунчу» Мавлян Аскарбеков залдагы саясатчыларга карап, «улуу муундагы саясатчылар, бириңер кетсеңер бириңер келип, элди ушундай тажаттыңар» деген бугун төгүп алды. Ушул күндөрү Мавлян Аскарбековдун жалындуу кеби интернет колдонуучулар тарабынан колдоого алынып, рейтинги өсүүдө. Кайран жигит өскөн экен, элге жакчу кеп айтып, упай алып, кадимкидей таасири артууда. Мунун өзү алтымыштан ашып, тиши түшүп бараткан жарадар «арстандардан» арылууга мезгил келгенин айгинелейби?

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: