Өкмөт мындан мурда ММКларда маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөтүлгөндүгү тууралуу жарыяланган маалыматка комментарий берип, маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөтүлбөгөндүгүн расмий түрдө билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө өкмөт маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын баскычтуу түрдө жогорулатуу маселесин чечүүдө. Буга мисал, өкмөт чечими аркылуу үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет академиялык театрынын кызматкерлерине жана артисттеринин айлык акысы 80% жогорулатылган. Бул максатта 2016-жылы 17,5 млн сом бөлүнгөн. 2017-жылдын бюджетинде маданият тармагынын эмгек акысын төлөө фондун жогорулатууга кошумча түрдө 172 млн сом каралган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ