Menu

Военно-Антоновка айылында жергиликтүү тургундар үйгө кирген ууруну кармашкан

Бөлүшүү:

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында жергиликтүү тургундар үйгө кирген ууруну кармашкан. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде аталган айылдын жашоочулары журналисттерге билдиришти.

Алардын айтымында, ууруну айыл тургундары кармап андан кийин милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бул маалыматка ылайык, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Военно-Антоновка айылынын тургундары үй уурусун кармашкандыгын билдирди.

“2020-жылдын 19-апрелинде болжол менен саат 23:00 чамасында Военно-Антоновка айылынын 32 жаштагы тургуну И. А. Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз адам үйүнүн короосунан курулуш шаймандарын, электр шаймандарын жана жеке буюмдарын уурдап кеткен деп айткан. Маалым болгондой, анын кошуналары ууру кишини кармап Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми колго түшкөн жаран 39 жаштагы А.Ф. болуп чыкты. Аталган факты Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүндө КРнын жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Уурдалган мүлк  ээсине кайтарып берилди. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Соттук териштирүү улантылууда”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: