Menu

Түркмөн пенсионерлери тирүү экенин ырастап турууга мажбур болушууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда пенсионерлер алты ай сайын тирүү экенин ырастоо үчүн тиешелүү органдарга барып турууга милдеттүү. Мындай эреже быйыл жазында башталган өлкөдөгү пенсиялык реформанын алкагында киргизилген.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, эреже жарым жыл мурда күчүнө кирген, бирок пенсионерлер ал тууралуу картасына акча түшпөй калганда гана билип жатышат.

“Бул эреже пенсионерлердин акчасы пластик карталарга которула баштаганда эле күчүнө кирген, бирок көпчүлүккө кабарланган эмес. Пенсионерлер алгач картага үч жолу пенсия которулгандан кийин тирүү экенин ырасташы керек. Андан кийин ар алты ай сайын ырастоо зарыл», — деп жазды басылма.

Түркмөнстанда быйыл 1-июлдан тарта 70 жашка чыга элек жарандардын пенсиялары расмий түрдө банк карталарына которула баштаган. Сентябрдан баштап пенсия курагындагы башка жарандар дагы төлөмдөрдү накталай алуу мүмкүндүгүнөн ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: