Menu

Эмнени кордосоң, ошого зар болосуң

Бөлүшүү:

Кытайлар билбеген балээ жок. Ошол үчүн учурда жымшык көздөр биздин жергебизди кыйма-чийме кыдырып, улуттук баалуулуктарыбызга көзү тойбой турган кези. Кени толгон бөксө тоолорубузду, балыкка бай өзөндөрүбүздү, табигаты кооз токойлорубузду, ишенчээк элибизди жүгөндөп алууга болгон аракетин көрүп туруп алардын жолуна бөгөт кое албай айлабыз кетип турат. Жөнөкөй элдин колунан антиш келбеген соң, “баскынчылардын” мурдуна чүлүк салынбасы айтпаса да түшүнүктүү эмеспи? Мурдагы күнү эле 20 миллион долларга кытайлар заманбап фито санитардык лаборатория салып бере турган болду деп алакөөдөн айрым эл өкүлдөрү дардакташты. А эмне үчүн шымынын курчоосу жетпей калган, арам акчага гана сугун арткан бай депутаттар өз өлкөсүнө каражатын сарптабайт? Эгерде чирип бараткан каражатын пайдалуу ишке салышса минтип кытайларга көз каранды болбойт элек го? Канча ирет какшап айткан сунушубузга кулак салбаган бийлик жок дегенде ушул жолу көңүл бөлүп, байларга эсеп ачышса көйгөйлүү маселелер чечилмек. Оор салмагынан күшүлдөп басалбай калган байларды мынча неге коргоп жатышканы деле жалпыга маалым.

Баса белгилеп койчу дагы бир маселе чыгып жатат. Маани бербегендигибиздин азабын сөзсүз тартаарыбыз деле турган иш. Маселен, биз жактыра бербеген эшектерибиздин саны күндөн-күнгө азайып баратат. Маселен, мындан беш-алты жыл мурда эшектин саны 75 миңди чапчыптыр. Тилекке каршы, учурдагы саны 20 миңдин тегерегинде экен. Бул кооптуу жагдай десек неге болбосун? Анткени акыркы мезгилде эшектин сүтүн ичип, боор оорудан айыккандар, өпкөсүнөн жабыркагандар болсо элдин катарына кошулуп калганы боюнча маалыматтар жөн жерден чыкпаса керек? Өткөндө элге таанымал эле бир бизнесмен адам кургап бараткан боорун эшектин сүтүнүн керемети аркылуу айыктырганын эки күн мурда угуп, таң калдык. Төшөккө жатып калып, жашоодон үмүтү үзүлүп калган ошол киши азыр оокатын кылууга чуркап жүрөт, ден-соолугун чыңдап алган соң. Ага медиктер көмөк көрсөтө албай коюшкан. Ал тургай камдана бергиле, адам болбойт дегенге чейин барышкан. Чамасы ошондой касиети бар үчүн кытайлар биздин эшектерге чабуул жасашты окшойт. Дегинкисинде эмнени кордосоң, кийин ошонун азабын тартасың деген накыл кеп бекерден айтылбаса керек. Эми муну майда маселе катары да карабаганы белгилүү да өкмөттөгүлөрдүн. Бирок, адистер, жалпы коомчулук ушунун тегерегинде пикирлерин айтышса майнаптуу болмок. Кен байлыктарыбыз аз келгенсип эми эшектен айрылсак келечегибиз кандай болот…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: