Menu

Видео – Рахмон Мьянмада исламофобиянын күчөшүн айыптады

Бөлүшүү:

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен болгон телефондук сүйлөшүүсү маалында Мьянмадагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди.

Тажикстан президентинин басма сөз кызматынын билдиришинче, мамлекет башчылар Мьянмадагы исламофобиянын күчөгөнүн жана Ракхайндагы экстремисттик топтордун жоочуларынын куралдуу кол салууларын чечкиндүү түрдө айыпташты.

Эмомали Рахмон менен Режеп Тайып Эрдоган өлкөдөгү этникалык жана диний жаңжалдар тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу адилеттүү чечилиши керектигин айтышып, дүйнө коомчулугун бул өңдүү көрүнүштөрдү жоюу үчүн чечкиндүү чараларды кабыл алууга чакырышты.

Эки лидердин ортосундагы сүйлөшүү 7-сентябрь кечинде болду. Анын жүрүшүндө тараптар Түркия президентинин Тажикстанга расмий сапарынын мөөнөтүн тактоо боюнча дагы макулдашууга жетишти.

Мьянма (мурдагы Бирма) бийлиги дүйнө коомчулугунун нааразылыгына карабастан мусулмандарды куугунтуктоосун улантууда. Акыркы эки жуманын ичинде Мьянмадан Бангладешке качкан рохинжа мусулмандарынын саны 150 миңге жетти. БУУ өлкө бийлиги рохинжалар жашаган Аракан штатында Түштүк-Чыгыш Азиядагы абалды туруксуздаштырышы мүмкүн болгон чыныгы этникалык тазалоо жараянын баштаган болушу ыктымал деп тынчсызданууда.

5-сентябрда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Коопсуздук кеңешине кайрылып, Мьянманын батышындагы зомбулуктар гуманитардык кыйроого алып келиши мүмкүндүгүн билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: