Menu

Шаардык шайлоодо эле ушунча жоруктар болуп жатса, президенттик шайлоодо төө бастыга калбайбызбы?

Бөлүшүү:

Жакында Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо болуп өттү. Аны борбордон НТС телеканалы чагылдырып бүт Кыргызстанга таратты. Катардагы шайлоочу биякта эле калат го. Анткенибиз, аны чагылдырганы барган журналисттерди шайлоо окруктарындагы өздөрүн өтө эле «деловой» сезишкен эрендер «чач ал десе баш алгандай» эле кылышты. Ал инцидент жөнүндө жабыр тарттык деген кесиптештер арыз менен БШКга кайрылса БШК карап ИИМге жөнөтүп, ИИМ Ош облустук ИИБине жөнөтүп, облусттук милициянын башкармалыгы болсо “биз эч нерсе укпаптырбыз-көрбөптүрбүз. Арыз келгенден кийин билип атабыз, эми карайбыз” болуп… А негизи мындай учурда коомдук тартипти сактоо алардын милдети болчу. Кыскасы, шаардык шайлоодо эле ушунча жоруктар болуп жатса Чоң Казатта бири-бирин “тытып жешет” го?

Булак: “Айгай-пресс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: