Menu

«ОшМЮИнин периси аныкталды”

Бөлүшүү:

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «ОшМЮИнин периси-2017» аттуу конкурсу болуп өттү. Бул тууралуу ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди. Аталган жогорку окуу жайдын жаштар комитети уюштурган конкурста бардык факультеттердин жана юридикалык коллеждин кыздары катышты. Алгач ОшМЮИнин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов катышуучуларга жылуу сөзүн айтып, аларга ийгилик каалады. Андан кийин кыздар конкурстук шарттардын негизинде саламдашуу адеби боюнча өздөрүнүн маданияттуулуктарын көрсөтүүдөн баштады. Мында алардын ар тараптуу жөндөмү калыстар тобу тарабынан таамай бааланып турду. Айрыкча чыгармачылык талантын мукамдуу ырларды созолонто ырдап, бийлерди өзгөчө чеберчилик менен аткара даңазалаган кыздар көрүүчүлөрдүн купулуна толуп жатты. Өздөрүнө жарашыктуу мода тандап, көркүнө-көрк кошкон кыздардын назик табити да сыноодон өттү. «Ыйман,адеп жана маданият жылынын» алкагында уюштурулган бул иш чарада жогорку окуу жайдын периси болуу үчүн ат салышкан кыздар адамдарды адептүүлүккө жана гумандуулукка чакырган адабий чыгармалардан таасирлүү эпизоддорду сахнага алып чыгып, андагы каармандардын образын жеткиликтүү аткарууга аракеттеништи. Ал эми беттешүүнүн акыркы шарты боюнча «мыкты кожейке» сыноосунда катышуучулар ашканадагы жөндөмдүүлүктөрүн да иш жүзүндө көрсөтүп беришти. Көрүүчүлөрдүн кызыгуусун ойготкон конкурстун бардык сыноолорунда өзүнүн өзгөчөлөнгөн жөндөмүн жана чыгармачылык талантын көрсөтүп, эң жогорку упайга ээ болгон соттук-прокурордук факультетинин студенти Каныкей Арстанбекова «ОшМЮИнин периси» болду. Ош шаардык мэриясынын жаштар комитети жана ОшМЮИнин ректораты тарабынан конкурстун жеңүүчүсүнө жана активдүү катышуучуларына атайын диплом, кымбат баалуу белектер тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: