“Жалал-Абад шаарына жаз келип, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, абаттоо иштеринин башталганын эске алып, Экономика жана ишкердик университетинин студенттери “Биз таза шаар үчүн” аттуу вело-жүрүш даярдап жатышат. Бул тууралуу аталган окуу жайынын 3-курсунун студенти, вело-жүрүштү уюштуруучуларынын бири Нурсултан Сарбалаев билдирди” – деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.
Анын айтымында, бул идея окуу жайдагы атайын стартаптарды даярдоочу лабораториянын студенттерине таандык. Лабораториядагы 5 студент ушундай демилге менен чыгышкан, ал эми окуу жайынын жетекчилери жана студенттери муну колдоп жатышат. Акциянын максаты – шаар тазалыгына жалпы коомчулуктун назарын буруу.
-Биздин идеяны окуу жайынын ректору Абдилбает Мамасыдыков жана лабораториянын директору Акталина Төрөгелдиева колдоого алышты. Буюрса биз 14-март күнү окуу жайынын көптөгөн студенттеринин колдоосу менен шаар көчөлөрүндө массалык вело-жүрүшкө чыгабыз. Бул акцияга катышууга бардык шаардыктарды, шаардагы окуу жайлардын студенттерин чакырабыз, – дейт ал. Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынынын мэриясы тарабынан 1-марттан 1-июнга чейин шаарды көрктөндүрүүнүн, абаттоонун 3 айлыгы жарыяланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ