Menu

Казакстан Венгриядагы бокс турниринде жеңишке жетишти

Бөлүшүү:

Казакстандын бокс боюнча курамасы Венгрияда өткөн «Иштван Боскай мемориалы» эл аралык турниринде үч алтын, күмүш жана коло медель алып, жалпы командалык жеңишке жетишти. Мелдеш 7-10-февралда Дебрецен шаарында өттү.

Финалда 56 килограммга чейинки салмакта казакстандык мушкер Ильяс Сулейменов чехиялык каршылашы Мирослав Горолду жеңди. 64 килограмм салмакка чейин жаштар арасында Азия чемпиону Саматали Толтаев монголиялык Чинзориг Баатарсукту утуп алды. Асланбек Шымбергенов (69 килограмм) венгер мушкери Андрас Вадашты жеңди.

Турнирде күмүш медалды Айболды Дауренулы (91 килограмм), колону Абай Толеш (75 килограмм) алды.

Кезектеги 62-турнирге 23 өлкөдөн 158 мушкер катышты.

Иштван Боскайдын элесине арналган мелдеш Европада 1956-жылдан бери өтүп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: