Menu

Кырман жаңы конушунун эли өз күчү менен күндүзгү стационар ачып, бейтаптарды акысыз дарылап жатышат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-иююлда “Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу Кырман конушундагы күндүзгү стационардын иши тууралуу кыскача маалымат берди.

Анын айтымы боюнча, жаштардын күчү менен стационар уюштууру үчүн берилген мечитте оңдоп-түздөө иштери жасалып, 13-июлдан тарта күндүзгү стационар өз ишин баштаган. Бүгүнкү күндө эки дарыгер, үч медайым, эки санитардык кызматкер жана участкалык милиция кызматкери иштеп жатышат.

Айыл өкмөтү 20 керебет, 10 тумбочка, 5 штатив, коргоочу костюмдар, кычкылтек аппараттарын ж.б. керектелүүчү каражаттарды алып келип берген.

“Кырман конушундагы активисттерден штаб түзүлдү. Тургундар акча каражатын чогултушту. Активисттерден түзүдгөн штаб күндүзгү стационарда иштеген кызматкерлердин тамак-аш жана керектүү дары-дармектер менен камсыз кылат. Оорукананын жайгашкан жерин көрсөткөн белгилер даярдалып, илинген. Акча каражатын чогултуу үчүн айнек кутучаларды даярдап койдук, бүгүн аларды соода түйүндөрүнө алып барабыз” – дейт Азиза Абдирасулова.

Ал ошондой эле, 13-21-июль аралыгында оорукана күн сайын 60-80 бейтапка медициналык жардам көрсөтүлгөнүн, тогуз күндүн ичинде оорукана 483 адамды кабыл алганын кошумчалады.

“Азырынча жардамга муктаж адамдардын саны азая элек. Медициналык жардамды Кырман конушунун тургундары гана эмес, конушка жакын жайгашкан аймактардын тургундары да алып жатышат. Белгилей кетсек, бейтаптар жардамды акысыз алышат” – дейт ал.

“Бүгүн оорудан айыккан биринчи бейтап үйүнө чыгарылат деп үмүттөнүп жатабыз” – деп кошумчалады Азиза Абдирасулова.

Стационар жардамга муктаж. Жардам берүүнү каалагандар үчүн штабдын телефон номерлери: 0772 366 623, 0508 554 487

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: