NewTV телеканалынын телеберүү тарткан топко кол салуу болгонун 4-декабрда Бишкек ШИИБисинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык журналисттер менен белгисиз адамдардын араздашуусу “Ак-Ордо” конушунда болгон. Мэриянын кызматкерлери мыйзамсыз салынган курулуштарды бузуп, ал эми тасмага тарткан топ репортаж кылып жатышкан. Ызы-чуу башталганда, окуя болгон жерге Ленин райондук ИИБиснин атайын тобу барган.
“Белгисиз аял журналисттерге кол салып, 7 миң 950 долларлык видеокамерага зыян келтирген да, Honda Stepwgn автоунаасына олтуруп, белгисиз тарапка качып кеткен. Автоунаанын эркек айдоочусу кетип баратып, журналисттерди тебелегенге аракет кылган”, – деп айтылат ШИИБинин маалыматында
Журналисттер Ш.Д., К.К, жана А.К. милицияга кайрылып, белгисиз адамдардын кол салып, денеге залака келтирип, видеокамераны талкалаганы боюнча арыз жазышты.
Издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери 1988-жылы туулган А.А. аттуу келинди жана 1987-жылы туулган О.У. аттуу жаранды таап, милиция бөлүмүнө жеткиришти. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ