Menu

Жол министрлигинде жылыштар көбөйдү

Бөлүшүү:

Транспорт жана жол министрлиги 2018-2019-жылдары бир топ ийгиликтүү иштерди жүргүздү. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен бир нече чакырым автомобиль жолдору капиталдык жана орточо ремонттон өттү. Маселен, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунда, Кара-Балта – Бишкек жолунда ири курулуштар жүрүүдө. Түндүк – Түштүк альтернативалык автожолундагы тоннелди казуу боюнча, түштүк порталында 762 метр, штольня 899 метр, түндүк порталында 1353 метр, штольня 1729 метр иштери аткарылган. Долбоор участкасында жалпы узундугу 1472 км 2 эстакадалык көпүрө курулууда. Ошондой эле, «Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду» автомобиль жолунда 52,0 км жол, 8 көпүрө салынган. Региондорду өнүктүрүү жылы алкагында Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 272-365 чакырымын реконструкциялоо долбоорунан үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Нарын облусунун Нарын жана Кочкор райондорундагы айылдардын ички жолдоруна 29,8 чакырым асфальтбетон катмары төшөлдү. Талас – Тараз – Суусамыр, Бишкек – Нарын – Торугарт, Ош – Баткен – Исфана – Худжант жолдорунда курулуш иштери бүттү. Балыкчы – Каракол – балыкчы шакекче жолу оңдолуу алдында турат. “Ташкент – Андижан – Ош – Эркештам – Кашгар” жүк ташуу маршруту ачылды. Темир жол багытында Балыкчы – Ташкент – Балыкчы каттамы ишке кирди. Бишкек – Ташкент автобусу каттай баштады. Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка жана Кара-Көл төлөм кабыл алуу пункттарында автоматташтырылган система ишке киргизилди. Ал видеокамераларды жана автоматтык шлагбаумдарды колдонуу менен иштейт. Андан сырткары, жалпы узундугу 907 км жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун паспорттоштуруу жургүзүлдү, анын ичинен: Чүй областы 604 км; Бишкек-Ош жолдору 303 км. Ошондой эле, 2019-жылдын 12-февралынан тартып «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирди. 1-этабынын алкагында Бишкектин көчөлөрүнүн кесилиштеринде жана Бишкек – Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт автомобиль жолдорунда орнотулуп иштей баштады. Бишкек – Чалдовар, Бишкек – Кордай, Бишкек – Торугарт автомобиль жолдорунун 48 участокторуна АПК комплекстери орнотулду. Айтор, эки жылдын аралыгында жол министрлигинде жылыштар арбын болду.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: