Menu

Фото – Эки зөөкүрдүн колунан жабыркаган жигиттин бетине операция жасалат

Бөлүшүү:

Бир тууган ага-ини Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков тепкилеген Уланбек Белековдун бетине бүгүн операция жасалат. Операция Улуттук госпиталдын бет жаак бөлүмүндө өтөт. Бул тууралуу жабырлануучунун бир тууган эжеси Элзада Белекова билдирди. 

Эскерте кетсек, 28-августта Ж.Бапышов менен К.Сейитбеков Бишкек шаарындагы “Жал” кичирайонунда, Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жигитти аеосуз сабап, кийиздей тепкилегени аз келгенсип, аларга келген Тез жардамга да жолтоо болгон видео сентябрда социалдык тармакка тарап, коомчулуктун каргышына калган. Үрөйдү учурган окуя болгон жерге эки мыкаачынын милиция агасы Казыбек Бапышов жетип барып, аларды алып кеткен. Эки зөөкүргө издөө жарыяланган. Коомчулуктун катуу сынынан кийин, ИИМ министри К.Жунушалиев бул окуяны өз көзөмөлүнө алган. Ошондон кийин гана иш жылып, 4-сентябрда милициянын майору К.Бапышов (шектүүлөрдүн бир тууган агасы) кызматынан бошотулуп, бир нече кызматкер жазага тартылган. 6-сентябрда, таң эрте Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү келип, колго түшүп берген. Эртеси, 7-сентябрда алардын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, эки айга камакка алынып, СИЗО-1ге киргизилген. 10-сентябрда алардын милиция агасы Казыбек Бапышов да кармалып, УКМКнын тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иши жүрүүдө.

Жайнагүл ТАЛКАНБАЕВА

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: