«Көптөгөн бишкектиктер жаңы конуштар шаар бюджетин куруткандан башка эч нерсе кылбайт деген түшүнүктө. Ал эми иш жүзүндө, жаңы конуштар мыйзамдуу бөлүнүүчү өз үлүшүн албай келишет”, – деп белгилейт Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Аликбай Сариев.
Анын айтымында, Бишкек шаарын курчаган 25 жаңы конушта 200 миңден ашуун калк жашайт, бул шаар калкынын 20% түзөт. Ошол эле маалда жаңы конуштардын шарттарын жакшыртуу үчүн шаар бюджетинин 8 гана пайызы бөлүнөт.
“Мэрия жаңы конуштардын бардык шарттарын шаардын талаптарына ылайыкташы керек. Бүгүнкү күндө жаңы конуштар кагаз жүзүндө эле шаардын бир бөлүгү катары каралат. Иш жүзүндө, жаңы конуштун жашоочулары башка шаардыктардай эле укукка ээ. Андыктан, алардын райондорун “калса аласың, калбаса жок” принцибинде каржылоо туура эмес”, – деп эсептейт А.Сариев.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, 20 жыл ичинде жаңы конуштарга 3 млрд. сом бөлүнгөн, анын ичинде 1,3 млрд. бүткөрүлбөй калган курулуш объекттери үчүн. Шаар бюджетинен системалуу финансы бөлүнбөгөнүнө байланыштуу, жаңы конуш тургундары өз маселелерин өздөрү чечүүгө өткөн, атайын топтор өз эсебинен суу чыгаруу, канализация, жарыктандыруу ж.б.у.с. иштерди аткарышууда.
Талапкер А.Сариев жаңы конуштарга байланышкан көз караштарды өзгөртүп, алардын шарттарын, инфраструктурасын жакшыртуу багытында финансылык каржылоонун көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын белгилейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ