Menu

Видео – Жанар Акаев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин жетекчиси Жумагүл Эгембердиеваны “жазган катыңарда 20дан ашуун ката бар экен” деп уяткарды

Бөлүшүү:

“Мен кечээ Нарын шаарында болдум. Ал жерде 3-июнда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Ошол жердин тургундары үйлөрүн камсыздандырган эмес. Алар азыр курулуш материалдарына муктаж. Алардын тагдыры эмне болот? Мамлекеттен ссуда берилеби же үйүн камсыздандырбаганы үчүн таптакыр жардам болбойбу?”, – деп бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жанар Акаев суроо узатты.

“Бүгүнкү күндө ошол сел жана шамалдан камсыздандырууга бизге келип түштү. Селден 5 үй, шамалдан 8 үй. Документтерди карап жатабыз. Эгерде үй камсыздандырылбаган болсо, ӨКМден мурун берилчү ссуда берилбейт. 2017-жылга чейин тизмеге киргендер берилип жатат, 2017-жылдын 1-январынан баштап бул токтотулган”, – деп билдирди Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Жумагүл Эгембердиева.

Депутат Жанар Акаевдин айтымында, сел жүргөн Нарын шаарына кошумча күчтөрдү жөнөтүү керек.

“ӨКМ менен сүйлөшүп, кошумча күч жөнөтүш керек. Үйлөрдүн баарын 1,5 метрге чейин сел каптаган. Ылай, топурак болуп жатат. ӨКМдин 1 же 2 гана кызматкер иштеп жатат. Ал жерге кошумча техника жана күч керек. Ушул маселеге көңүл буруңуздар”, – деди депутат.

Ошондой эле, Жанар Акаев бул маселеден тышкары негиздеме маалым катты карап чыкканын айтты. Анын айтымында ал жерде 20дан ашык ката.

“Негиздеме маалым катты карадым. Таптакыр түшүнүксүз. Эки сапта 10дон ашык ката. Маалым кат негиздеменин өзүндө 20дан ашуун ката. Бул туура эмес, бул нерсеге көңүл бөлүп, оңдошуңуздар керек”, – деди депутат.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: