Menu

Конституциянын гаранты катары көзөмөлгө алууну суранабыз! – Кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбековго

Арыз

Сизге А. Акжоловду коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын гаранты катары расмий арыз менен кайрылат жана төмөндөгү мыйзам бузуулар менен коштолгон фактыны кылдат карап, мыйзам чегинде тиешелүү укук коргоо жана көзөмөл органдарына тапшырма берет деп ишенебиз.

Буга чейин А. Акжоловду коргоо комитети 5 жылдан бери ар кандай зомбулукка туш болуп, мыйзамсыздыктын курмандыгы болуп келгени боюнча бир нече кайрылууларды жиберген. Азыркы убакта бул фактылар массалык маалымат каражаттарында (КТРК, 5-канал, “Ачык саясат” гезитинде) жарыяланган.

Милициянын полковниги Акжолов Абдували 2011-жылдан бери ар кандай репрессиянын курмандыгы болуп, жыйынтыгында 2015-жылы жасалма жол менен ар кандай кылмыш иштери козголуп, эс-учун жоготкончо сабалып, кыйноо фактыларына туш болгон.

Бул иш Акжолов Абдували менен эле бүтпөй анын бир тууган иниси Акжолов Абдыганы да ИИМтарабынан кысымга дуушар болуп, жасалма справкалардын негизинде негизсиз кызматтан алынган.

А.Акжоловдун карындашы Мейманбү Акжолова да куугунтук менен «Жалал-Абад үнү» гезитинин редакторлук кызматынан кетүүгө мажбур болгон.

Бул үй-бүлөөлүк трагедияга чыдабай А. Акжоловдордун атасы Жолдош аксакал 2012-жылы, бир тууган эжеси М. Акжолова 2019-жылы каза болушкан.

Жогорудагылардын негизинде А.Акжоловдор үй-бүлөөсү менен куугунтукка кабылып, бири мыйзамсыз камалса, А.Акжолов мыйзамсыз ИИМден жумуштан кеткен жана карындашы М. Акжолова «Жалал-Абад үнү» гезитинин редакторлугунан кеткен. Ошондой эле дагы бир иниси атайын кызматтан мыйзамсыз, куугунтуктун негизинде жу-муштан кетирилген.

Бир тууган А. Акжоловдордун айтуусунда үй-бүлөөлүк куугунтук ошол кездеги бийлик режиминин кийлигишүүсүндө болгонун баса белгилешет. Ушул кезге чейин мыйзамсыздык орун алып, калыс кароо, сот процесстеринин создуктурулушу, экспертизалардын кечеңдөөсү, ИИМдин жетекчилигинин шалаакылык мамилеси болуп жаткандыгын эске салуу зарылдыгын баса белгилешет.

Урматтуу Президент мырза! Жогоруда, так жана даана, хронологиясы менен коюлган фактылардын негизинде атайылап фальсификациялоо жолу менен мыйзам чегинде, калыс иликтөө жүргүзбөй кызмат ордунан пайдаланган Адам укуктарын басмырлаган кызматкерлерге чара көрүү тууралуу укук коргоо жана көзөмөл органдарына тапшырма берип, Конституциянын гаранты катары көзөмөлгө алууну суранабыз!

Акжоловдорду Коргоо Комитетинин төрагасы: А. Кошоев

мүчөлөрү: Ө. Эгембердиев, ИИМдин мурдагы орун басары, Н. Аркабаев,

ЖКнын 3-чакырылышынын депутаты

Бишкек ш. Бөкөнбаев көчөсү 5, № 76-батир. Тел:0555070774

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: