Menu

Тажикстандын агрардык облусунда кургакчылык болууда

Бөлүшүү:

Тажикстандын эң ири айыл чарба аймагы эсептелген Хатлон облусунда миңдеген дыйкан кургакчылыктан жабыркоодо.

Жергиликтүү тургундардын бири Сафар Махмадназаров өмүрүндө быйылкыдай кургак талааларды көбөгөнүн билдирди. «Мен мында 65 жылдан бери жашайм, бирок мындайды эч качан көргөн эмесмин. Жыл сайын жамгыр жаап, буудай, арпанын түшүмү жакшы болчу. Быйыл 500 килограмм буудай сепкенбиз. Баары кургап калды. Үй-бүлөм 10-12 кишиден турат, эми эмне кыларыбызды билбей турабыз», – деди ал.

Мал чарба фермасын жетектеген Субхон Абдурахмонов быйыл малга тоют жетишсиз болот деп тынчсызданып жатканын айтты. «Жыл сайын биз 500 тоннадай чөп даярдачубуз, быйыл андай болбой калат окшойт. Болжолдуу эсебим боюнча, кургакчылыктан улам биздин айылдагы 75 үй-бүлө 250 миң сомони (28 миң доллардан ашык) чыгымга учурайт», — деди ал.

Хатлон облусунун Айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгынын жетекчиси ​Хабибулло Кодиров быйылкы кургакчылык чынында эле жергиликтүү дыйкандарга олуттуу зыян алып келип жатканын билдирди. Анын айтымында, буга кошумча аймакта быйыл чегиртке дагы көбөйүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: