Menu

Россиялык басылма Путиндин улуу кызынын жашоосун толугу менен билди

Бөлүшүү:

Путиндин улуу кызы Мария медицина илимдеринин кандидаты болгонун жана Москвада жашаарын россиялык ММК жазып чыкты. Россиялык басылма The New Times  РФ президенти Владимир Путиндин улуу кызы Мария тууралуу изилдөө жүргүзүшкөн. Басылманын маалыматы боюнча, Мария 2006-2011-жылдар аралыгында МГУнун фундаменталдык факултетинде Воронцова деген фамилияны алып окуган. Мария Путина документ боюнча мындан сырткары дагы төрт фамилияны алып жүргөн. Путиндин башкаруусунда биринчи жолу кызы жөнүндө сөз козголду. МГУну артыкчылык диплому менен аяктаган соң, Мария, Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин астындагы,  Эндокринологиялык илимдер борборунун (ЭНЦ) аспирантурасына тапшырган. Борбордун илимий жетекчиси Иван Дедов. Басылма жазгандай Путиндин улуу кызы үй-бүлөлүү. Голландиялык ишкер Йорритом Фаассеномга турмушка чыккан. Азыр жолдошунун фамилиясын алып жүрөт. Фаассен 2007-жылы Газпромдо бизнести өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ошондой болсо дагы, ал кызматын таштап, консалтинг чөйрөсүндө иштеген. The New Times басылмасы маалымдагандай, Мария Фаасен Москва шаарынын Новинском бульварында, АКШнын элчилигине коңшу жайгашкан жети кабаттуу үйдө жашайт. Ал үйдүн жашоочуларынын айтымында мигалкасы бар джип унаасында, жансакчылар коштогон жаш кыз жашай баштаганы, күчөтүлгөн тартипте текшерип өткөрүү режими иштей баштаганын басылма жазып чыккан. Маалымдалгандай Мария бардык жагынан камсыздалган жана жетиштүү жашайт. Бүткүл дүйнөгө көп саякатка чыгат жана эң кымбат яхталарда жүрүп, чет мамлекеттин мугалимдерин жалдайт. Мындан сырткары басылма, Мариянын кызы бар экенин  жана медицина илимдеринин кандидаты болгонун жазган. Мария кызын тарбиялап жана ЭНЦ иштегенден сырткары, кайрымдуулук долбоору болгон “Альфа-Эндодо” активдүү катышуучу. Бул долбоор эндокринологиялык оорулардан жабыр тарткан балдарга жардам берет. Андан сырткары студенттер клубу МГУда лекция окуйт. Лекция маалында студенттерге өзүн сүрөткө тартуусуна тыю салганын басылма маалымдаган. Башта британиялык газета Mirror, Мариянын Нидерландиядагы баасы 2,5 млн евро чапчыган үйүнөн көчүп кеткенин жазып чыккан. Расмий түрдө анын Нидерландияда жашаары такталган эмес. Болгону анын Голландиялык ишкер Йорит Фаассен менен баш кошкону маалым.

Рамис НАМАЗБЕКОВ

Булак: “Эл деми”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: