Эл аралык республикалык институттун (IRI) буйрутмасы боюнча Baltic Surveys/The Gallup Organization уюму Кыргызстанда 15-февралдан 2-мартка чейин өлкөдөгү саясый абалдын эң актуалдуу маселелери боюнча социологиялык иликтөөлөрдү өткөрдү.
Анда Кыргызстандын добуш берүүгө укуктуу, 18 жаштан жогору курактагы жарандары сурамжылоолорго катышышкан. Сурамжылоонун методу – ар бир респонденттин үйүнө барып жекече интервью алуу формасында өттү. Интервью кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн.
Gallup институту өткөргөн иликтөөлөр боюнча саясый лидерлердин рейтингинде кыргызстандыктардын көпчүлүгү президент Алмаз Атамбаевди колдошот, бирок ал мындан ары президенттик кызматка талапкердигимди койбойм деп билдирүү жасаган.
Ошондуктан бүгүнкү, президенттик шайлоо алдындагы ситуацияда калк арасында эң популярдуу саясый лидер Өмүрбек Бабанов болуп калды: ага кыргызстандыктардын 80 пайызы добуш беришти.
Али жарыялана элек бирок иш жүзүндө башталып калган президенттик шайлоо жарышында ал саясый талаанын калган активдүү оюнчулары Өмүрбек Бабановго караганда бир нече эсе артта калышкан.
“Кайсы саясатчыга же коомдук ишмерге сиз көп ишенесиз?” деген суроого кыргызстандыктар такалбай эле ишенимдүү жооп берип жатышты. Сурамжылоолорго катышкандардын 31 пайызы Өмүрбек Бабановду колдоп добуштарын беришкен. Ошол эле учурда респонденттердин 29 пайызы эч кимге ишенбестигин же бирөөнүн атын бөлүп атоодон күрмөлүп турганын билдиришкен.
Суралгандардын 77 пайызы алдыда боло турган президенттик шайлоого барып, добуш берүүгө катышаарын айтышкан. Бул көрсөткүч институттун 2015-жылдын февралында өткөргөн иликтөөлөрүнөн айрымаланып турат. Азыр күздө боло турган шайлоого барып добуш берүүгө катышууну каалаган шайлоочулардын саны кескин көбөйгөн.
Булак: «24.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ