Menu

Туйгунаалы Абдраимов БШКга “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларынын добушун жокко чыгарып, калган партияларга депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү сунуштайт

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов шайлоодо “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларына берилген добуштарды жокко чыгарууну, калган добуштар менен шайлоого катышкан башка партиялардын ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү сунуштайт. Бул тууралуу анын билдирүүсүндө айтылат.

Ал ушуга окшош эле кырдаал 2005-жылы мартта болуп, жаңы парламент шайланып, 24-мартта массалык мыйзам бузуулардан улам элдик революция болгонун эске салды.

“Эл жаңы шайланган парламентти тааныгысы келген жок. Жыйынду мурунку чакырылыштагы парламенттин төрагалыгы алдында 5 жыл иштеген адам алып барды, башкача айтканда алардын легитимдүүлүгү күмөн. Тополоңдор уланган, азыр дагы кырдаал ошондой.

БШКнын мурунку төрагасы Сулайман Иманбаев кызматтан кетип, мен БШКнын жаңы төрагасы жана мүчөлөрү катары тарыхый чечим кабыл алдык. Биз шайланган парламентти жарлык менен мыйзамдаштырып, өлкөгө туруктуулук орноттук.

Бул парламент эки жылдан бир аз көбүрөөк иштеп, бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алды: алар өкмөттү шайлашты, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүштү, андан кийин жаңы шайлоо болду. Жаңы шайлоону БШКнын башка курамы өткөргөн, эсиңизде болсо, “Ак-Жол” партиясы парламентке өткөн, анын кесепеттерин билесиз” – деп айтылат билдирүүдө.

Туйгунаалы Абдраимов БШКга төмөнкүлөрдү сунуштайт:  “Боршайком “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларына берилген добуштарды массалык түрдө сатып алуу болгондуктан жараксыз деп эсептеши керек.

Калган добуштарды 100% алып (“Бардыгына каршы” графасын да) мандаттарды бөлүштүрүү, мындан шайлоого катышкан дээрлик бардык партиялар мандат алышат. Албетте, “Бүтүн Кыргызстан”, “Мекенчил” ж.б. партиялары эң көп мандатка ээ болушат.

Бул өткөөл мезгилдеги парламент премьер-министрди шайлашы керек, конституцияга жана шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизиши керек.

“Ушундай жол гана бизди туруктуулукка жана бийликтин бардык бутактарынын мыйзамдуулугуна алып барат », – деп жазат Туйгунаалы Абдраимов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: