Menu

Бишкекте III Эл аралык кичи форумдагы театралдык ,,IMPULSE,, фестивалы өтөт

Бөлүшүү:

Тарых жана маданият жылына карата Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында III Эл аралык кичи форумдагы театралдык ,,IMPULSE,, фестивалы үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан 4-октябрына чейин болуп өтөт. Бул тууралу  Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине бүгүн, 24-сентябрда театрдын актеру Курманбек Ниязбеков билдирди.

Фестивальга Хорватия, АКШ, Россия жана Германия өлкөлөрүнөн келген театрлар катышышат. Фестивальдын максаты эң ириде тажрыйба алмашуу жана улут аралык достукту чыңдоо болуп эсептелет.

Фестивальдын программасы:

1 – октябрь 18.00дө. – Фестивальдын ачылышы. Мирослава Крлежанын «Бобочка» аттуу пьесасы, режиссеру Иван Лео Лемо, Рольдо — Эция Ойданич ( Загреб шаары, Хорватия).

2 – октябрь 18.00дө. – «’33 (Кабаре)» спектакли. Автор жана аткаруучу Бремнер Дати, режиссеру Дэйв Доусон ( Нью-Орлеан шаары, АКШ).

3 – октябрь 18.00дө – «Были слезы — больше глаз». Спектакль Марины Цветаевойдун чыгармасынын негизинде, режиссеру – РФнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Александр Михайлов, Аткаруучу — Валерия Жилина ( Орел шаары, Россия).

4 – октябрь 18.00дө – Фестивальдын жабылышы. Нина Мазур «Это Я – Эдит Пиаф», режиссеру Евгения Богинская, аткаруучу — Анастасия Вайнмар ( Берлин шаары, Германия).

Бишкек шаардык драма театрынын дареги: Чыгыш – 5 кичи району, Чүй – 28. Болжол: Свердлов акимиятынын жанында.  Сурап билүү:46-44-17, 53-04-42 | Факс: 46-44-17 |email: [email protected]

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: