Menu

«Роза Отунбаеванын өтүнүчү туура эмес»

Бөлүшүү:

Юристтер өткөөл мезгилдин экс-президентинин Сооронбай Жээнбековго кайрылуусу юридикалык күчкө ээ эмес экендигин айтышат.

Өткөөл мезгилдин мурунку президенти Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун атына «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым сурап кайрылуу жөнөттү.

Мурдагы мамлекет башчы өз кайрылуусунда «Конституциянын атасын» мыйзамсыз соттошкондорун айтат.

«Коомчулукка мунун баары саясий буйрутма экендиги маалым болду», – дейт Отунбаева. – Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери болуп турганда Жогорку Кеңештин трибунасынан Алмазбек Атамбаевди жана анын командасын ачык сындап чыккан. Кудум ошонусу үчүн Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаевге карата соттук-күч механизмин колдонуп, аны мыйзамсыз соттотту».

Анын сөзү боюнча, Текебаевге карата козголгон кылмыш иши «адам укугун тебелөө боюнча тарыхта калат». Мурдагы президент парламенттик фракциянын лидерлерин өзүнүн өтүнүчүнө кошулуусун суранды.

Юристтер анын кадамын туура эмес деп баалашты. Белгилүү жактоочу Икрамидин Айткулов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде коррупция менен соттолгон Текебаевге мурдагы президенттин болушуусу жарашпайт деп белгиледи.

– Бул акылсыздык, – дейт ал. – Эми бардык «экстер» президент ар кандай кылмыш иштерине болушуп өтүнүч кылса болот деп ойлоп калышат. Балким өздөрү да ошентишкендир? Бул нерсе бардык Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнө мүнөздүү нерсе – мыйзамдуу жол менен барбай, дароо кесип салышат жолду.

Жактоочу ырайым кылуу мыйзамдын чегинде болуусу керектигин баса белгиледи. Башкача айтканда, Текебаев жеке өзү Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап кайрылыш керек, же жаңы ачылган жагдайлардын негизинде жактоочулары ишти кайра кароого бериши керек, башкача жол жок.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев Роза Отунбаеванын суранычы эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес дейт.

– Ырайым сурап соттолгон адамдын өзү жазуу керек жана ал 3 гана сөздөн турат – «Мага ырайым кылыңыз», – деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына.

Кыскасы, Осмоналиев Текебаевдин кечирим сурашына көзү жетпейт, ал андан көрө толук отуруп чыгып, андан кийин соттуулугун алуу үчүн сотко берет. Анын саясий карьерасын кайрадан баштоо үчүн таза абийир керек, деп түшүндүрөт юрист.

– Ал эми президенттин ырайым кылуусуна келе турган болсок, ал баарын айтып койгон, – деп эскертти профессор. – Маалымат жыйынында президент элдин баарына угузуп, ал кечирим сураса ырайым бере тургандыгын айткан.

Бирок, жактоочу Сергей Слесарев Vesti.kg сайтына Өмүрбек Текебаевдин ЖМКга ырайым сурабай тургандыгын, анткени бул анын тазарышына болбой тургандыгын айткандыгын эскертти.

– Ал эми ырайым кылуу процедурасына келе турган болсок, анда Текебаевдин жеке өзүнүн өтүнүчү керек. – Роза Отунбаеванын президентке кайрылуусу эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес, – деди юрист.

– Бул нерсе, чамасы, башка максатта кылынган.

Жакында эле Vesti.kg сайты Текебаевдин тууганы Айбек Султанкуловдун ал ырайым сурабаса керек деген сөзүн берген эле.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Vesti.kg сайтына президент өз эрки менен, башкача айтканда кечирим суроо өтүнүчүсүз ырайым бере алат деп айтты.

Өмүрбек Текебаевди «Коррупция» беренеси менен соттошуп мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: