Menu

Кыргыздын чыгаан этнограф окумуштуусу  Имел Молдобаевдин 75 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-тажрыйбалык  жыйын өтүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-апрелде  КР УИАда кыргыздын чыгаан этнограф окумуштуусу, «Манас» жана башка дастандарды иликтөөчү, тарых илимдеринин доктору, профессор И.М.Молдобаевдин 75 жылдыгына арналган «Имел Молдобаев жана заманбап кыргыз этнографиясы» аттуу  эл аралык илимий-тажрыйбалык  жыйын өтүүдө. Бул тууралуу КРУИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага  кыргызстандык окумуштуулардан сырткары  Орусия Федерациясынан – археолог, кыргыз таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор Юлий Сергеевич Худяков (Новосибирск ш.), Хакас Республикасынан  тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор  Яковлевич Бутанаев (Абакан ш.), Кытай Республикасынан филология илимдеринин доктору  Макелек Өмүрбай уулу Кырмыштегин (Үрүмчү ш.), Түркиядан – Кастамону университетинин профессору Олжобай Каратаев (Кастамо ш.) жана башка археолог, этнолог окумуштуулар катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз тарыхын, маданиятын, этнографиясын изилдеген тарыхчылар, этнографтар, адабиятчылар жана коомдук илимдердин өкүлдөрү көрүнүктүү кыргыз этнографы Имел Бакиевич Молдобаевдин өмүр жолу, кыргыз тарыхын, фольклорун, этнографиясын изилдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу табылгаларын өз баяндамаларында ортого салышып, кыргыз элинин этнографиясын иликтөөдөгү заманбап маселелерди талкуулашты.

Иш-чарада илимпоз Виктор  Бутанаев окумуштуу Имел Молдобаевдин ага жазган каттарын КР архивдин жетекчиси Орунбай Ахмедовго тапшырылды. Каттарды тапшырып жатып Виктор Бутанаев: «Бул каттарда биз ошол маалда этнографияга, тарыхыбызга арналган маселелерге, көйгөйлөргө токтолчубуз. Эми бул каттар да тарых болуп калат, жаштар да билишсин. Имел Молдобаевге арналган архивге дагы бир салым болот» – деди.

Маркум илимпоздун жаркын элесине арналган илимий жыйын жана эскерүү чарасын Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» коомдук фоду, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмеси ошондой эле маркумдун жакындары биргелешип уюштурушууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: