«Кыргыз Республикасында Бизнестеги тоскоолдуктарды аныктоо багытында «Жөнгө салуунун системалык анализи» долбоору ишке кирди», – деди Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын кароосуна киргизгенде билдирди.
«Жөнгө салуучу тутумдук талдоо” долбоорунун алкагында ишкердикти жөнгө салуучу 1068 ченемдик-укуктук актылар талдоого алынды. 2016-жылы 496 нормативдик документке жана 255 административдик процедурага сунуштар берилди. Бул сунуштардын баары мыйзамдардагы коллизияларды, кайталоолорду жана карама-каршылыктарды, коррупциялык схемаларды жок кылууга, ошондой эле айрым ченемдерди оптималдаштырууга багытталган. Бизнестеги башкы көйгөйлөрдүн бири финансы менен камсыз болушу эсептелет», – деди Премьер-министр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ