Menu

Батукаевдин иши далайдын башын жечүдөй

Бөлүшүү:

Далай кыргызды азапка салып, кулагын кескен кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан тергелип жатышы коомчулуктун алкоосуна арзууда. Кыңыр иш кырк өтсө да казылып, күнөөкөрлөр өз жазасын алсын деген талап жаңырып жаткан чагы. Анткени, мамлекетте мыйзамдуулук орноп, тартип өкүм сүрмөйүн өнүгүү болбойт. Буга чейинки тергөөнүн алкагында төрт дарыгер кармалган эле, ушул жумада мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева суракка чакырылып, андан кийин темир торго киргизилди. Аны менен кошо Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) ошол кездеги төрагасы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Каныбек Качкыналиев да абакка алынды. Кармалгандар коррупцияга аралашкан, документтерди жасоого жана кызматтык жасалмалоого катышкан деп шек саналууда.

Кылмыш иши боюнча эми кезек үлкөндөргө жетти дешүүдө. Сөздөргө караганда Ш.Атаханов баласы менен, З.Рысалиев, Т. Акун ж.б. торго түшүшү мүмкүн.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: