Menu

Азиза Адиева, ырчы: “Бирөөнүн жетегиндеги жумуш бизге жакпайт… ”

Бөлүшүү:

Азыр заман жакшы, маалымат шамалдан тез тараган учур. Атактуу болуш үчүн адамдар мурдагыдай жан үрөп эмгек кылбай калышкан. Айталы, азыркыдай оозуңдан чыккан сөздү камгактай учуруп кеткен социалдык тармактар, жайнаган телеканалдар, пират дисктери, интернеттин керемети, биринен-бири кем калышпаган басма сөз беттери жок кезде жер-жерлерди жөө-жалаңдап кыдырып ырдап, атактуулукка жеткиче кеминде 15-20 жыл жумшаган чыныгы таланттардын заманы эмес. Жашоо канчалык жеңилдеген сайын чыгармачылыктын да, өнөрдүн да баасы жеңилдеп бара жатканын айтпасак да белгилүү. Азыркыдай белен замандын эрке ырчысы эмес, чыныгы түйшүктү тартып, атактуулук үчүн далай жолдон өткөн Азиза Адиева менен маектештик.

– Азиза эже, сиздер азыркы жылдыздардай «Фейсбук», «Инстаграм», «Ютуб» каналдары, пират дисктери, «Музыка» каналы, жайнаган басма сөздөрү, чөнтөк телефондор жок кезде атактуу болгонсуздар. Ошол кезде эбегейсиз эмгек кылган экенсиздер да. Эл оозуна алынганча канча убакыт өттү эле?

– Чоң сахнага аттанганыма ушул жылы туура 19 жыл болот. Биринчи жолу 2000-жылы август айында ыраматылык Манас Бердибековдун спорт сарайында өткөн чыгармачылык кечесинде “Гитарист” деген ырды ырдап чыккам. Аябай атактуу болгончо деп айта албайм, бирок ушунча жылдык эмгектин арты менен кичине болсо да эл оозуна алынганча өтө көп эмгек талап кылынган. Азыркыдай сүрөткө түшө калып эле социалдык тармактарга чыгара калгыдай мүмкүнчүлүк бизде болгон эмес. Керек болсо клип тартуу да ушунчалык кыйын болчу. Ошол учурда Мыктыбек Арстанбек агабыз гана клип тартчу. Байкенин убактысы абдан тар болгондуктан, кезекке илинип калуу чоң жетишкендик болчу. Азыр болсо бардык нерсе оңой, сен тууралуу кабарды интернет аркылуу сенин жакындарың, тааныштарың сенден биринчи уга турган заман болуп калды. Азыр өзүңдү реклама кылуу аябай оңой, бизде андай шарт жок болгондуктан көп түйшүктү тартканбыз. Бирок ошого карабай, 19 жылдык эмгектин оор баскычынан басып өткөнүмө эч качан өкүнбөйм. Өз кесибимдин оор-жеңилин, ысык-суугун көрүп жүрүп, кылган эмгектин таттуу даамын татып жатам десем жаңылышпайм.

– Ырларыңыз маанилүү, сөздү жакшы талдасаңыз керек?

– Ыр тандоодо сиз айткандай обонунан да сөзүнө өзгөчө көңүл бурам. Курбум Роза Шакирова да “Сөз тандоого келгенде ашкере эле сынчыл болуп кетесиң” – деп тамашалап калат. 5-6 ырым аранжировкасы даяр, бирок сөзү жок эле ырдалбай турат. Бир топ тааныштарга, акындарга жаздырып көрдүм. Бирок менин оюмдагыдай сөз чыкпай жатат. Кээде адам туура эмес кийинип алса өңүнө чыкпай, жарашпай калат. Ошол эле адам жөнөкөй болсо да табити менен өзүнө жарашыктуу кийинип алса көркүнө чыгып калат эмеспи. Ушул сыяктуу эле обонго сөз, сөзгө обон айкалышып турушу керек.

– Ырчылыктан сырткары мамлекеттик жооптуу кызматтарга сунуш түшсө кандай кабыл аласыз?

– Мамлекеттик жооптуу кызматтарда да иштеп көргөм. КТРКнын “Замана” студиясында иштегем, андан соң мамлекеттик ЭлТР каналынын жаңылыктар бөлүмүндө да иштедим. Бирок чыгармачыл инсан үчүн мындай жумуш оор болуп калат экен. Иштин талабы ошондой болгондуктан жипсиз байланып, эч жакка жетишпей, капастагы чымчыктай кысылып кетет экенсиң. Бирөөнүн жетегинде, эртең мененки 8ден кечки 5ке чейин иштеген жумуш бизге жакпайт экен. Көнө албай коюп, өз каалоом менен иштен кетип калгам.

Маектешкен: Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: