Бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаары жана Чүй аймагында катуу шамал болушу ыктымал. Мындай шашылыш эскертүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, катуу шамал жакынкы сааттарда болушу мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ