Menu

Тажикстанда электр кубатына киргизилген чектөө алына элек

Бөлүшүү:

“Барки точик” энергохолдинги жакында электр кубатына киргизилген чектөө алынарын билдирди.

Маалыматтарга караганда, ремонттук-профилактикалык иштер аягына чыгууда.

Тажикстан аймактарында электр кубатын өчүрүү февралдын аягында башталган. Айыл тургундары күндүз бир нече саат гана жарык менен камсыз болушууда.

Тажик журналисти Саидэхсон Жалолиён: “Эмне үчүн түнкүсүн дагы “жарыкты” өчүрүшөт. “Барки точик” адистери түн жамынып иштеп жатышабы? Бизге эл ушундай суроолорду көп берип жатат”, – деп нааразы болду.

Буга чейин компания электр энергиясын өчүрүү – колдонуучулардын карызынын көбөйгөнү менен байланыштуу экенин маалымдаган. Калк электр кубаты үчүн энергохолдингге 1 миллиард сомони (100 миллион доллар) бересе.

Тажикстан Керектөөчүлөр коомунун башчысынын орун басары Фаридун Шоинбеков электр энергиясын эскертүүсүз өчүрүү – жашоочулардын укугун бузуу экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: