Menu

Коңурбаев Тууганбайдын “Ватсаптагы бат саптар” ырлар топтому жарык көргөнү турат

Бөлүшүү:

Байланыш, мамиле-ымала түзүүнүн, пикир алышуунун канчалык түрлөрү көбөйгөн сайын убакыттан береке кетип, же адамзаттын аяккы чекитке шашып бара жаткандыгы, же Жараткандын мезгил сындуу макулугунун өчөшүп алганы белгисиз кайдадыр көп нерседен калгансып ашыгып эле келе жатат. Дегенибиз, кайсыл бир доорлордо жаңылык, кабар, жарыя өңдүү иштер алгач ооздон оозго айтылып келсе, акыл-эстин толушу, тамыр-тажрыйбалардын топтолушу менен булгаарысыбы, башкасынабы, айтор, жазылып-сызылып жетип турган. Убакыт өтүп, «жазылган каттар жоонун колуна түшсө, оңой олжо болбосун» дешип, сырдуу, купуя-кулпуланып жазыла баштаса, техниканын өнүгүшү-өсүшү менен жөнөкөй адамдын жумуру башына батнаган жоосундуу иштер, бир убакта жомокто айтылган ойлор кадыресе ишке ашып, ашмак тургай күндөлүк турмушта колдонулуп жүргөнүн көрүп, таң калбай кое албайсың.

Чөнтөк телефон дейбизби, кол телефон дейбизби, айтор, анын алысты жакындатканына, айтаарыңды баттатканына эле ыраазы болуп жүрсөң, акырындык менен анысына да, мунусуна да ыраазы болбой эле баратабыз. «Шумдуктуунун төөсү жорго» дегендей ойлоп табууну жөн эле коелу, аларды өздөштүргөнгө жетишпей жаткандыгыбыз дагы жашыруун эмес. Мына ушундай күн санап эмес, көз ирмем сайын өнүгүп жаткан техниканын заманында поэзиялык дымактар эми минтип WhatsАрр же ватсап аркылуу жазылып, андан дагы анын китепке, түбөлүктүүлүккө карай багыт алышын кантип жаңылык катары кабыл албай кое алабыз. Себеби бир учурда, бул ватсап желенин ичиндегилер кайсыл бир топко гана белгилүү же таандык болуп келген, удургуп чыккан орошон ыр саптар эми кагаз бетине дагы түшүрүлүп, элдик, коомдук макамын алганы жатат. Андан дагы кызыгы төкмө акындардай маңдай-тескей олтуруп алып төбөлөшпөй, экөөсү үйдө, үчөөсү Чүйдө жатып алып дегендей, мурдуна көз айнектерин илип алып, кол башындай телефонун чукулашып, таңдын кантип атып кеткенин билишпей, ватсап менен, апей, каршылашы, шеринелеши менен согушуп, аларды көрүп турган башкалары шыкакка алышып, өз-өзүнчө ызуу-чууга түшүшүп, бири жеңгеңине сүйүнсө, экинчиси утулганына ызааланып, оюндан далай от чыккандыр… Демек; бул китепти окугандар, окубагандар дагы армандадыр…

Чынында эле Тууганбай агайдын «Ватсаптагы бат саптар» аталган китеби көптөгөн замандаштарыбыздын бөтөгөсүн кытыгылап, кайсыл бирине керемет ой таштаса, кимдир бирөөлөргө салттуу көч көрсөтөөр. Китептин авторуна жана тушоосу кесилгени турган эмгекке ак жол, ообос ооматты каалайбыз!

Октябрь Капалбаев

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: