Menu

Садык Шер Нияз: Генералдар 40 миңден, эл артисттери 5 миң сомдон пенсия алганы адилетсиздик да

Бөлүшүү:

– Садык мырза, социалдык комитетинин жыйынында генералдардын пенсиясы тууралуу айтылды. Маданият, искусство тармагында иштеген кишилердин пенсиясына салыштырмалуу дээрлик сегиз-он  эсе жогору экен. Сиз айткандай эгер бюджет тартыш болуп атса, анда баарыныкы бирдей аз болуш керек эле да?

– Албетте, кыргыз элине эмгеги синген адамдар жакшы пенсия алышы керек. Анткени, алар эл үчүн иштесе, эл үчүн кызмат кылып, кыргыз элинин даңазасын көтөрүп келген адамдар да. Кечээ генералдардын пенсиясын сурасан. орточо 35-40 миң сом экени айтылды: Арабызда СССРдин эл артисттери бар же болбосо Кыргыз Республикасынын эл артисттери бар. Бирок, алардын пенсиясы абдан төмөн. Алар деле кыргызга кызмат кылган адамдар да. Материалдык байлык топтобой, кыргыздын маданияты, руху, абийири, салты деп жүргөн адамдарды унутуп коюп атканыбыз өтө кейиштүү. Алардын пенсиясы менин билишимче, орточо 5 миң сом. Бул адилетсиздик да, өтө туура эмес.

– Мен билгенден Акаевдин учурунда бир гана жолу маданият, искусство кызматкерлери үчүн там салынган. Андан бери бир да турак жай салына элек. Ошол эле учурда аскер адамдарына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жыл сайын тамдар салынып, жүздөгөн квартиралар берилет. Ушул туурабы?

– Эркин ойду даңазалаган – бул интеллектуалдар. Азыркы күндө бүткүл дүйнөлүк прогресстин жетишип аткандарын дагы чыгармачыл адамдар керек болсо жүз жыл мурун айтып коюшкан. Анткени, алардын ою, денгээли алдыда жүрөт. Эгер биз чыгармачыл адамдарды баалай албасак, биздин мамлекеттин өсүшүнө дагы бир топ кедергисин тийгизиши мүмкүн. Биз баарын эле базар, ресторан менен өлчөй албайбыз да. Биздин жашообуздун негизги бөлүгү руханий багыт болуш керек.

– Маданият министрлигинин райондук, облустук гезиттерди оптимизациялоо демилгесине кандай карайсыз?

– Албетте, 16 млн. сом үнөмдөлөт экен. Бирок, райондук, облустук гезиттер аябагандай эле зор жүк көтөрүп келатышат. Биз жаңыча, прогрессивдуу технологияга өтөбүз деген менен орто, улуу муунду унутпашыбыз керек. Аларды конституциялык укугунан ажыраткандай болобуз. Конституцияда ар бир кыргыз жараны маалымат алганга укугу бар экени жазылып турат. Эгер эбегейсиз акча үнөмдөлүп атса, мен унчукпайт элем. Бирок, 16 млн. сом үчүн… Мисалы, ТЭЦти кулатканга керек болсо 18 млн. доллар бербедикпи! «Темир-тезегин алып кетесиң» дешсе, бекер деле кулатып беришмек фирмалар. Биз көз жумуп, очойгон акчалардын кетишине кайдыгер карайбыз дагы, маданиятка келгенде эле үнөмдөп калабыз.

Керим Мурас

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: