Menu

Окшошконго мушташкандар…

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Амангелди Мурзалиев менен Олег Горин кызматтарынан алынды. Кызматтан кеткендердин ордуна мурда ушул кызматта иштеп кеткен Мадемин Каратаев жана Эркин Чечейбаевдер дайындалды. Кызыгы, Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевдин Курманбек Бакиевдин учурунда кызматтык шалаакылыгы үчүн кылмыш иши ачылган. Кийин ал иш жабылып, аткаминер ордуна кайтып келгенде саламаттык сактоо тармагындагы бир топ уюмдар аны коррупцияга айыптап, иштешүүнү токтотушкан. Эми ошол кылмышка шектелип, эч ним ишеним көрсөтпөй койгон адамды кайрадан кызматка дайындоо канчалык деңгээлде акылга сыят деген суроо жоопсуз турат. Бирок министр Космосбек Чолпонбаевдин өзү кылмышка шектелип, УКМКнын СИЗОсу менен таанышып чыкканын зеке алганда, бизде баары боло берет… Башка эмне дейбиз?..

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: