Т. Абдумомунов Кыргыз Улуттук Академиялык Драм театрында февраль айында Ч. Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектакли коюлган.
Режиссер Марат Козукеевдин бул эмгеги көпчүлүктүн мактоосуна арзыган. Эске салсак спектакльге үч күн бою көрүүчүлөр батпай, аншлаг менен өттү.
КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан түзүлгөн Көркөм эксперттик комиссия спектаклди көрүп чыгып “I” категорияны ыйгарышты.
Кыргыз театр тарыхында биринчи жолу спектаклдерге категория берилип, анын алгачкысы “Саманчынын жолу” болду.
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ