Бүгүн, 12-майында «Альфа» атайы күчтөрдүн кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон жоокерлерин эскерүү күнүнө карата, Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүндө КР УКМК атайы кызматынын полковниги Үсөнбек Ниязбековдун эстелигинин ачылышы болуп өттү.
Эстелик ачылышына КР Өкмөт Аппаратынын өкүлдөрү, УКМК жетекчилиги, ардагерлер жана ошондой эле Ү.Ниязбековдун туугандары менен жакындары катышты.
Ачылыш аземинде сүйлөгөндөр, Ниязбеков жөнөкөй жана шайыр адам болгондугун, боорукер мээримдүү ата катары эсте калаарын, ишенимдүү дос жана Ата Мекендин чыныгы уулу катары кызматтык милдетин акырына чейин аткаргандыгын жана эрдик жасагандыгын айтып, дүйнөдөн кайтса дагы анын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталмакчы деп эскеришти.
Эскерте кетсек, полковник Үсөнбек Ниязбеков 2019-жылдын 7-августунда А.Атамбаевди тергөөгө мажбурлап алып келүү учурунда каза болгон.
Ү.Ниязбеков Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Бел-Өрүк айылында 1972-жылы туулган. Оштогу техникалык университетти бүтүргөн. 2000-жылдан тартып КР УКМК органында кызмат өтөп келген.
Өзүнүн кызмат кылган учурунда ал мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыктуу болгон.
Үсөнбек Ниязбеков каза болгондон кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ