Menu

Турсунбек Акун, элдик акыйкатчы: “Оппозициянын арасында калың китеп окуп көрбөгөндөр да бар”

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, бийлик менен оппозицияны бир столго олтургузуп, маселени сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет кылдыңыз. Ал кандай жыйынтык берди?
– Албетте жакшы жыйынтык берди. Атамбаев келбегени менен анын аппаратынан жана парламенттен Текебаев келди. Министрдин орун басарлары келди. Оппозициядан Азимбек Бекназаров, Адил Турдукулов баштаган беш өкүл келди. “Арай көзү чарай” деп көтөрүлгөн маселени талкууладык.  Бекназаров чек ара боюнча катуу сүйлөдү. Текебаев да өз оюн айтты. Бийлик тараптан келгендер тоолуу жердеги жеңилдиктер алынбасын, электр энергиясы мындан ары кымбаттабасын айтышты. Кыскасы, “оппозицияга куугунтук токтотулсун” деген чечимге келип, бийлик менен оппозицияны бир столго отургузуп, форум өткөрүү турууну мага жүктөштү.
Жолугушуунун натыйжасында  Жарандык Форумдун башкаруу комитети төмөндөгүдөй  резолюция кабыл алды:
“Бийлик менен оппозициянын ортосунда болгон жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп , оппозиция тарабынынан  берилген курч суроолорго тиешелүү жооптор берилгенине карабастан жоопсуз калган кээ бир суроолорго  жакынкы аралыкта  кагаз жүзүндө жооп  берилсин.
Элдин пикирин эсепке албай, электр энергиясынын тарифин негизсиз көтөрүп  жана аны кайрадан алып салган  мамлекеттик чиновниктерге тиешелүү жазалар берилип, кызматтан кетирүү маселеси каралсын. Бул боюнча премьер-министерге атайын кат жазылсын.
Бийлик тарабынан   оппозициянын  лидерлеринин үстүнөн  куугунтук уюштуруу токтотулсун. Оппозициянын лидерлеринин  жана жөнөкөй эле жарандардын үстүнөн тыңшоону уюштуруу мыйзамсыз  деп табылсын. Оппозициянын өкүлдөрүнүн жана анын тууган уруктарын,  жакындарынын  үстүнөн массалык маалымат каражаттары аркылуу каралоо токтотулсун. Бийлик өкүлдөрүн сындаган жана өз көз карашы бар журналисттерди каралоо жана куугунтуктоо токтотулсун”.
– Эми кийинки жолугушуу качан болот?
– Бийлик менен оппозициянын кийинки жолугушуусу 2016-жылдын 28-апрелине белгиленди. Кудай буюрса эмки жолугушуу мындан дагы эффективдүү болуп, көп маселени алдын алганга, маеслени чырдашуу эмес, сүйлөшүү жолу менен чечкенге салым кошот деген ниеттемин.
– Турсунбек мырза, УКМКнын оппозициянын сөздөрүн тыңшап, ошонун алкагында аларды камакка алганы боюнча не дейсиз?
– 1948-жылы Бириккен улуттар уюму тарабынан кабыл алынган “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын” негизинде адамдардын жеке сүйлөшүүсү , өз ара пикир алышуусу купуя сыр катары саналат деп жазылган. Аларды эч ким жашыруун жаздырып алууга жана ачыкка чыгарып коомчулук жар салууга акысы жок. Мындай аракет эл аралык келишимдерди, адам укугу боюнча эл аралык нормаларды одоно бузгандык болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциясында да адамдардын ортосундагы купуя сыр жашыруун сакталышы тууралуу ачык жазылган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жогорудагыдай эл аралык келишимдерди, Конституциянын беренелерин одоно бузуп,  оппозициялык лидерлердин ортосундагы өз ара сүйлөшүүлөрдү жаздырып алып эч кандай ийменбестен коомчулукка жар салды. УКМК мына ушундай аракети менен адам укуктарын одоно бузуп, жарандарынын ички ишине кийлигишти. УКМКнын мына ушундай  мыйзамсыз аракетинин негизинде  Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров эки айга эркиндигинен ажыратылды.
Мындай аракеттери үчүн  Башкы прокуратура УКМКнын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иш козгоп тиешелүү тергөө иштерин баштоосу керек.
– Бирок, айрымдар сүйлөшкөн сөзү тыңшоочу аппарат аркылуу жазылып калган оппозиция мүчөлөрү жалпы оппозициянын кадырын кетирди деп жатышат го. Буга не дейсиз?
– Чынында алар жазылып алынган сөздөрдү “монтаж” деп жатышат. Кадыров, Асановдордун ошондой деңгээлге түшүп сүйлөшкөнү чын болсо, алар өздөрүнүн эле эмес, жалпы оппозициянын да кадырын кетирип жатышат. Айтайын дегеним, алардын сүйлөшкөн сөзүнөн дагы сөгүнгөнү көп экен. Кыскасы, оппозициянын арасында калың китеп окуп көрбөгөндөр да бар экенин далилдеп жатат. “Эшегине жараша тушагы” болбой мындан ары УККМК да өз иши, оппозиция да өз иши менен алек болушу керек.
Ч.Кутманалиева, Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: