Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин шоопуру Икрамжан Илмиянов азырынча УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, И.Илмияновго чыгарылган Октябрь райондук сотунун өкүмүн бүгүн колуна алган. Кийинки инстанцияга кайрылууга даярданышат.
Эске сала кетсек, Илмиянов Орусиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келингенин УКМК 2018-жылы 20-октябрда билдирген. Ага Башкы прокуратура «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча өлчөмүндө пара алган» деген айып койгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал «БелАЗ» үлгүсүндөгү 12 даана машина камакка алынган белоруссиялык «Дизель комплект» компаниясына 150 миң доллар суммадагы каражатка жардам көрсөткөн. 2018-жылдын сентябрында «Дизель комплект» компаниясынын башкаруучусу Асел Чымырбаева Илмияновду жоопкерчиликке тартуу тууралуу арыз жазган. Ал эми прокурор болсо Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин билдирип, 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү өтүнүп келген.
Сот Дамирбек Назаров бул иш боюнча И.Илмияновдун күнөөсү далилденгенин айтып, 7 жылга кесилген, үй-мүлкүн конфискациялап, 160 миң сом айып салынган өкүмүн 30-октябрда окуп берген. Мындан тышкары, Илмияновдун жана анын туугандарынын Баткен жана Бишкек шаарындагы бир катар мүлктөрү, Сокулуктагы жер тилкелери менен машиналары камакка алганы айтылып, тизме жарыяланган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ