Menu

Үч жашар баланын сөөгүн туугандары алалбай чуркап жүрүшөт

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн биринин алдынан машинанын айдоочусу 3 жаштагы наристени тебелеп кеткени тууралуу бүгүн, 4-ноябрда, эртең менен ШИИБнин басма сөз кызматы билдирген. Кырсыкка кабылган наристенин сөөгүн ала албай жатышканын эжеси Мээрим Борошева журналисттерге кечке маал билдирди.

Анын айтымында, наристенин атасы дин жолунда жүргөндүктөн баланын сөөгүн союуга каршы. Ошондон улам, үй-бүлө анын сөөгүн алып кетүү ниетте чуркап, барбаган жерлери калган эмес. Прокуратура, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана ШИИББге барышкан, бирок, эч кимиси наристенин сөөгүн кантип алып кете турганын айткан эмес.

Эске сала кетсек, кырсык кечээ 3-ноябрда, саат 15:30 чамасында болгон. Көп кабаттуу үйлөрдүн короосунун жанынан «Тойота» үлгүсүндөгү машинанын  айдоочусу артка айдап, жаш баланы байкабай тепселеп кеткен. Наристе алган жаракатынан улам, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жеткирилип, ошол жактан каза болгон.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү документтер тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери башталган. Наркологиялык экспертиза айдоочуну текшерип,  мас абалында болгонун аныктаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: