Ооба, ар бир жаран президент болууга башмыйзам жол берет. Бирок, адамдык ариет, абийир, мырзалык сапат анан да кыргыз ишенген кут жол бербейт да. Дегеним, Президенттик аламанга аттанууга катуу ниеттенген Феликс Кулов кыргыз тил сынагынан өтө албасына көзү жетип, талапкерлигин көргөзбөптүр. Крит кеткенден кийин жөн эле олтурса болмок экен.
Арийне, «Саясый труптардын» катарынан орун алган соң «мен эмнеге бул абалга кептелдим» – деп өзүнө собол салбаганы кызык. Өзү билбесе биз айталы, Куловдон кут 2005-жылы президенттик шайлоого аттанып, анан эле Бакиев менен тандемдеше чыга келгенде эле кеткен. Аны жамы журт билет. Анан кантип Феликс аксакал билбей туру, кызык…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ