Бишкек шаарынын 8-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү таштандыга толгон 2 бөлмөлүү батир “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазаланган. Батирдеги үйүлгөн таштандыдан улам «Бишкек жылуулук» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери оңдоо иштерин жүргүзө алышкан эмес. Бул тууралуу мэриянын турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын кызматкери Жибек Каракеева кабарлады.
Анын айтымында, батирден 120 метр куб таштанды чыккан. Ошондой эле жакынкы күндөрү жылуулук системасы оңдолорун кошумчалады.
Эскерте кетсек, 3-кабатта жашаган 80 жаштагы экинчи топтогу майып кемпир 3 бөлмөлүү батирине таштандыларды алып келип жыйнаган. Акыры «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери чакырылган..
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ