Өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда боло турган курултайга катышуудан баш тартты. Бул туурасында Barometr.kg сайты билдирди.
КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева: “Алмазбек Шаршенович мен бара турган чогулуш эмес деп эсептейт. Курултай уюштургандардын ичинде өзүмчүл максаттарды көздөгөндөр көп экендиги көрүнүп турат. Бул маселеге экинчи кайрылбайбыз”, -деп билдирди.
Белгилүү болгондой, 24-ноябрда Бишкекте Кыргызстандагы саясий уюмдар менен жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт.
Уюштуруучулардын бири-Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү жана УКМКнын экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев.
Курултайга президент Сооронбай Жээнбеков да чакырылган.
Ошондой эле, “Аалам”, “Ата- Журт”, “Замандаш”, “Ата-Мекен”, “Кыргызстан”, “Мекенчил”, “Таза коом” партиялары жана башкалардын катышуусу күтүлүүдө.
Кыргызчалаган: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ