Menu

МАИ башчы кызматкерлерин өзү айдоочуларга айдактап жаткан жокпу?

Бөлүшүү:

Жөнөкөй логикага келели. Жолдо турган автоинспекторлор өзү эмне иш кылат. Айдоочулук күбөлүктү план толтуруу үчүн гана алып айып жазганын эске албаганда, акча алуудан башка функциясы барбы? Бул боюнча Кыргыз республикасынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы, тагыраагы МАИ кызматынын жетекчиси Азамат Исраиловдон сурайлы дедик эле. Анткени, Азамат мырза бул тармакка башка адам эмес. Азыркы айып пулдардын анык атасы. Дегенибиз ошолорду мыйзам долбоору ирээтинде өзү жазып чыккан. Бирок, бул чоңдор дегениң майда кызматкерлер менен иши жоктой. Биз ошолордун ички көйгөйүн көтөрүп атабыз. Азамат мырза, алыскы райондордогу
МАИ кызматкерлеринин кызматтык унаасы үчүн 1 айда бюджеттен канча литр күйүүчү май берилет? Бизге жеткен маалыматтарга караганда Ысык-Көл областында бир кызматтык унаага 60-100 литр май берилет экен. Айрым учурда гана 100 литр берилбесе туруктуу 60 литр берилээрин билдик. Атайын кортеж коштоп жүрүү болуп калса кошумча май берилбейт экен. Анан кантип МАИ кызматкерлери акча албасын, урматтуу Азамат Бакирович! Ошол 100 литр май деле бир айлык машинанын чыгымына жетеби? Бир айда 30 күн болсо МАИлердин машинасы күнүнө 3 литр эле бензин ичеби? Же берилген майлар максаттуу пайдаланылбай сол чөнтөккө солонуп кетип атабы? Деги кызматкерлериңиз ар качан эле акча чогулта бермей деген «рак» илдетинен качан кутулат? Муну токтотууга сиздин эркиңиз жетеби? Так кесе айтып коюңузчу МАИ кызматкерлеринин 1 кызматтык унаасы үчүн бир айда канча күйүүчү май бөлүнөт?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: