Бүгүн, 2-майга карата Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Ош облусунда – 1, Ош шаарында – 2, Бишкек шаарында – 3, Жалал-Абад облусунда – 4, Нарын облусунда – 1, Баткен облусунда – 2 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 769га жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 118 адам;
– Ош облусунда — 167 адам;
– Ош шаарында — 113 адам;
– Бишкекте — 191 адам;
– Нарын облусунда — 97 адам;
– Чүй облусунда — 61 адам;
– Баткен облусунда — 12 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 10 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ