Menu

Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган фоторепортаж

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул туурралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Сүймөнкул Чокморовдун өлкөнүн сыймыгы, кыргыз элинин улуу сүрөткери, мыкты киноактеру, таланттуу уулу экенин белгиледи.

«Журтубуздан мындай залкар таланттын чыкканы бизге сыймык тартуулайт, анын өмүр жолу, кылган эмгеги элибиздин тарыхында урмат-сый менен, өзгөчө бийик орунду ээлеп калат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент кинематографиядагы «кыргыз керемети» менен кыргыз сүрөт өнөрүндөгү жетишкендиктерди Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароо мүмкүн эмес экенин өзгөчө белгиледи.

Ал кайталангыс киноактердук таланты менен бүткүл дүйнөгө өзүн гана эмес, эркиндикти сүйгөн жалпы кыргыз элин жана анын жашоосун, маданиятын таанытып, суктантканын баса белгиледи.

Сүймөнкул Чокморовдун кыргыз маданиятына кошкон салымы анын киноискусстводогу ишмердүүлүгү менен гана чектелбестен — ал таланттуу сүрөтчү, кыл калемдин мастери катары да мыкты эмгектерди жараткан.

«Ошентсе да, эң жогорку бааны — өзүнүн улуу замандашы, пикирлеши Чыңгыз Айтматовдун „Сүймөнкулдун кош канат таланты — сүрөтчүлүгү менен киноактёрлугу жалаң гана кыргыз искусствосуна эмес, жалпы дүйнөлүк маданиятка таандык“ деген сөздөрүнөн тапсак болот. Сүймөнкул агабыз — залкар талант гана эмес, абийири бийик, адамгерчилиги терең инсан, мекенчил адам, чыныгы кыргыз уулунун символу, улуттук намыстын бийик үлгүсү болуп калды», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы кыргыз эли, кыргыз жери дагы ушундай таланттарды жаратарына үмүт кыларын айтты.

Ошондой эле улуттук киноматография ишмерлерин келе жаткан кесиптик майрамы — Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады.

«Сиздердин кыргыз маданиятына сиңирген эмгегиңерге таазим этебиз. Сиздерге терең ыраазылык билдиребиз, бар болуңуздар! Сиздердин артыңыздардан таланттуу киночулардын жаш мууну өсүп келе жатат. Ар кандай эл аралык фестивалдарда жеңишке жетишип, элибиздин ыраазылыгына ээ болуп жатышат. Кыргыз киносунун керемети дагы жаралат деп үмүт кылабыз. Сиздер улуттук маданиятыбызды дагы байытып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө татыктуу салым кошосуздар деп ишенем. Кино чөйрөсүндө Сүймөнкул Чокморовдой залкар таланттар дагы жаралат деп үмүт кылабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Иш-чаранын алкагында театрлаштырылган пролог, Сүймөнкул Чокморовдун жашоосу жана чыгармачылык жолу тууралуу даректүү тасма, ошондой эле концерттик программа тартууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: