Menu

Видео – Курманкул Зулушев, ЖК депутаты: “Аял киши жылаңачтанып басмак турсун, ич кийимин көрүнөө жайган эмес»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-декабрда ЖК депутаты Курманкул Зулушев Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде уюштурулган феминале көргөзмөсүндөгү жылаңач кыз социалдык тармактарда, дегеле коомчулукта, депутаттар арасында бир жумадан бери сөз болуп жатканын айтып, ага ИИМ органдары кандай баа бергенине кызыкты. Ошондой эле ал илгерки ыймандуулукту эске салды.

Биз бала кезден баарыбыз жакшы билебиз, айыл жериндеби же шаардабы, аял киши жылаңачтанып басмак турсун, ич кийимин көрүнөө жайган эмес. Демек, коомчулуктун дүрбөлөңгө түшүүсүнө негиз бар, буга биз чоң маани беришибиз керек. Ички иштер органдары Эреже бузуулар кодекси менен каттадыбы же Жоруктар кодексинин негизинде каттадыбы? Кандай баа берип жатат? Тарых музейи коомдук жай. Ошол коомдук жайда абийирин көрсөтүп басуу кантип бааланат? Бул маданиятпы же мыйзам бузуубу?“”, — деди депутат К.Зулушев.

Буга чейин бул маселени депутат Махабат Мавлянова көтөргөн.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Ал иш-чарадагы жат көрүнүштөргө каршы акцияны 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурган. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп, музей текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген. 3-декабрда министр Азамат Жаманкулов жат көрүнүшү жок феминнале улана турганын билдирген. Ага чейин ал тууралуу Роза Отунбаева оюн айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: